• 88.68
  • 95
  • 0.95

Самидинов аймактардагы аэропортторду оңдоп-түзөө иштери тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов Кыргызстандын аймактарындагы аэропорттору оңдоп-түзөө иштери жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өткөн жылы Казарман, Нарын, Кербен, Талас аэропортторунда оңдоп-түзөө, ал эми Каракол жана Тамчыда жаңы аэровокзол куруу иштери башталган.

"Караколдо учуу-конуу тилкесин 3 миң 800 метрге чейин узартып, жаңы аэровокзал куруп жатабыз. Ал саатына 250 адамды өткөрүүгө жөндөмдүү 8 миң чарчы метрге жакын аянтты түзөт. Тамчы аэропортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 адамды түзүп келсе, эми биз 18 миң чарчы метрлик аэропорттун жаңы терминалын курууну чечтик, анда саатына 450 адам өткөрүүгө болот", - деди Самидинов.

Ал Баткендеги аэропорттун учуу-конуу тилкесинде оңдоп-түзөө иштери аяктап калганын, ал эми ноябрь-декабрь айларында түнкү убакта дагы учактарды кабыл алууга боло турган жарыктарды орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий