• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кыргыз көмүр” ишканасы Баткенге жардам катары 500 миң сом жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан улам жабыркагандарга жардам катары 500 миң сом жөнөттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана жана анын “Кара-Кече” жана “Ысык-Көл” филиалдарынын кызматкерлери чек арада жыбар тарткандарга колдоо көрсөтүү максатында бир күндүк айлык маянасын которушту.

“Кыргыз көмүр” ишканасынын жалпы жамааты жакындарын жоготкондордун кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий