• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн 300 айдоочуга ысык тамак берилди - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Кечээ, 18-апрелде кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн 300 айдоочуга ысык тамак берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан оор жүк ташуучу айдоочулар үчүн “Ак-Тилек” постуна, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 31 жана 33-чакырымдарына чатырлар тигилип, тамактануучу жайлар уюштурулган.

Белгиленгендей, ар бир чатыр ашканага керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий