• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 18-апрелде түнкү саат 01:48де катталып, очогунда күчү 3 баллга чейин жеткен.

Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө жана Аманбаево айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий