• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда 7 ай аралыгында жол кырсыгынан 56 адам көз жумду

Аймак 0

Ош, 7-август /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунда 2017-жылдын январь-июль айларында 373 жол кырсыгы катталып, андан 56 адам каза тапкан. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жашы жете электердин катышуусундагы 100 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 8 бала каза болгон. Кырсыктан ар кандай жаракат алган чоң кишилердин саны 634 ал эми жашы жетелектердин саны 109га жеткен.

“Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгынан жана өтө тез ылдамдыкта айдагандан улам келип чыгууда. Жол кырсыгынын санын азайтуу максатында патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан рейддер, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”,-деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий