• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эчкечтам" өткөрмө бекети жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эчкечтам" өткөрмө бекети жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинен билдиришти.

"14-апрель күнү Кытай Эл Республикасы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" көзөмөл өткөрмө бекетинин ишин эки өлкөнүн жүк ташуучу унаалары үчүн жандандыруу макулдашылды. "Торугарт" өткөрмө бекетинин иши боюнча маселе аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен каралат. Ошол эле учурда эки өлкөнүн жарандары үчүн коюлган чектөө күчүндө калат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий