• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдарбеков Сауд Арабиянын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бүгүн, 14.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрель күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыкты жана аны мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана өз ара колдоо көрсөтүү маселелери боюнча сөз болгон.

"Министрлер аймактык жана эл аралык деңгээлде күн тартипте турган актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиянын Йемен Республикасында ок атышууну убактылуу токтотуу демилгесин колдой тургандыгын, ал чечим өлкөдөгү тынчтыкка жетишүү боюнча кризисти жөнгө салууга түрткү болорун жана коронавирустун жайылуусуна каршы күрөштө чоң жардам берерин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий