• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кыргыз почтасы" менен кореялык компаниянын кызматташуу мүмкүнчүлүгү каралды

Коом 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова "Coupang" компаниясынын вице-президенти Йонг Мок Ли менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Coupang" менен "Кыргыз Почтасы" ААК ортосундагы кызматташуу, ошондой эле түштүк корея рыногунда Кыргызстандын продукцияларын жылдыруу жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Тактап айтканда, элчи "Coupang" менен "Кыргыз почтасы" ААКнын ортосунда соода аянтчасынан Кыргызстандын Сеулдагы кампасы аркылуу жүктөрдү консолидациялоо боюнча кызматташууну сунуштады, "Кыргыз почтасы" ААКнын Кыргызстанда "Coupang" кеңири жайылтуу ниетин билдирди жана компанияны потенциалдуу өнүмдөрдү жана товарларды аныктап, андан ары Кореяга экспорттоо максатында сатуу рыногун комплекстүү изилдөө үчүн Кыргызстанга эксперттер тобун жөнөтүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Янг Мок Ли "Coupang" менен кызматташууга болгон кызыгуу үчүн ыраазычылык билдирип, элчинин сунуштары кылдаттык менен иликтене тургандыгына ишендирди. Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукциясынын чоң потенциалын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда аталган маселелер боюнча консультацияларды улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: "Coupang" Түштүк Кореянын ири электрондук соода компаниясы. 2010-жылы негизделген компания Түштүк Кореядагы эң ири онлайн базарга айланды. "Coupang" көбүнчө Түштүк Кореянын онлайн рыногундагы абалына жана көлөмүнө байланыштуу "Түштүк Кореянын Амазонкасы" деп аталат.

Пикир

Оставить комментарий