• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-польша кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. 2021-жылы 29-июлда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы, айкалыштыруу менен Польша Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаевдин Кыргыз Республикасынын Польша Республикасындагы ардактуу консулу Януш Кшивошиньский менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө КРнын ардактуу консулу Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө кыргыз-польша кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун аягында КР элчиси Эрлан Абдылдаев ардактуу консул Януш Кшивошиньскийге Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле Польша Республикасынын аймагында КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий