• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301-беренеси (Бонус салыгын төлөөчү) жаңы редакцияда баяндалды, ага ылайык:

Жер астындагы сууларды чыгарып алуу жана пайдалануу боюнча суу менен камсыздоочу атайын уюмдарды жана калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн, ошондой эле мал чарбачылыгы, ѳсүмдүк ѳстүрүү жана балык ѳстүрүү чѳйрѳсүндѳгү айылдык товар ѳндүрүүчүлѳр үчүн жер астындагы сууларды чыгарып алуу боюнча уюмдарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ ата мекендик уюмдар, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында ишти жүзөгө ашырган чет өлкөлүк уюмдар, ошондой эле жеке ишкерлер бонус салыгын төлөөчүлөр болуп саналышат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий