• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында 2018-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу жаңжалдар азайды

Коом 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында 2018-жылы жети жаңжал катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн Баткенде жолугушуу өткөрдү. Анда узап бара жаткан жылдагы иштерди жана кийинки жылда аткарыла турган маселелерди талкуулашты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы кыргыз-таджик чек арасында 7 жаңжал катталган. Ал эми 2017-жылы – 10 жаңжал катталган болчу.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Пикир

Оставить комментарий