• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз темир жолу: 18-майда Бишкек — Кара-Балта багыты боюнча поезд каттамга чыкпайт

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-майында Бишкек — Кара-Балта багыты боюнча поезд каттамга чыкпайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майда Беловодск-Шопоков участкасында жол инфраструктурасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек — Кара-Балта багыты боюнча жүргөн №6059/6060, №6061/6062 поездери каттамга чыкпайт.

Оңдоо иштери бир күндү талап кылат. Мындан улам 19-майдан тарта жогорудагы аталган поезддер кадимки тартипте жүрө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий