• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргыз темир жолу” эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 6-июндан баштап эл аралык каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыймылы бир катар багыттар боюнча жандангандыгын билдирет.

Ишкана буга байланыштуу башка мамлекеттердин чек арасынан өтүү шарттары, жол кире арзандатуулары, балдарды жана кол жүгүн ташуу ирээти тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, 6-июндан тарта төмөнкү эл аралык каттамдар жанданат:

№17 Бишкек-Самара багытындагы ылдам поезди Бишкек шаарынан саат 09:44тө, жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт, Самарага жума жана жекшемби күндөрү саат 18:44тө барат, кайра артка №18 Самара - Бишкек багытындагы поезд Самарадан саат 16:11де ишемби жана дүйшөмбү күндөрү жөнөп, Бишкекке саат 22:59да дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Жолдун жалпы узундугу 2 685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 56 саат 30 мүнөттү түзөт.

№305 Бишкек - Шу - Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен саат 14:03тө жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү жөнөйт, Казанга бейшемби күндөрү саат 06:43тө келет. №306 Казань - Шу- Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан саат 23:55те чыгат, Бишкекке жекшемби сайын 18:44тө келет. Жолдун жалпы узундугу 3 286 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт.

№385 Бишкек-Новосибирск багытындагы жүргүнчү поезди саат 00:15те Бишкектен жөнөйт, Новосибирскке саат 04:58де келет. Сегиз күндө бир жолу каттайт. № 386 Новосибирск - Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди, Новосибирсктен саат 14:30да чыгат. Бишкекке саат 19:20да келет. Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 52 саат 43 мүнөттү түзөт.

Эл аралык каттамдардагы поезддердин Кыргызстандык түзүлүш боюнча келүү жана кетүү убактысы Москва убактысы боюнча аныкталат. Москва менен Кыргызстандын убактысынын айырмасы 3 саат.

Жол кире арзандатуулары:

Купелерде жана СВ вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө:

45 % - поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен;

35 % - поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен;

25 % - поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен;

15 % - поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен.

Плацкарт вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө:

35 % - поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен;

25 % - поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен;

15 % - поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мөөнөттө жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен;

10 % - поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатуу шарты менен.

Көрсөтүлгөн арзандатуулар 2022-жылдын 3-июнунан тартып 2022-жылдын 28-декабрына чейин (ал күндү кошкондо) колдонулат, жана ички мамлекеттик каттамдарда (бир эле өлкөнүн, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын чегинде) жол жүрүү документтерин жасап берүүдө, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн уюшкан топторун ташууда колдонулбайт.

Башка мамлекеттердин чек арасын кесип өтүү шарттары:

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, поездге отуруу үчүн ПЦР методу менен алынган COVID-19 тестинин терс жыйынтыгы бар (казак, орус же англис тилдеринде) маалымкат (справка) керек, ал берилген күндөн тартып Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда 72 саат өтө элек болушу керек.

Маалымкат талап кылынбагандар:

- 5 жашка чейинки балдар, аларды коштоп жүрүүчүлөрдүн маалымкаты бар болсо;

- Казакстандын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрү;

- локомотив жана поезд бригадаларынын экипаждары;

- Казакстан мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда Казакстанда ревакцинацияны же COVID-19га каршы эмдөөнүн толук курсун алган адамдар, эгер экинчи компонентти алгандан кийин 6 айдан ашык убакыт өтпөсө, буларды тастыктоочу документти көрсөтүү менен;

- Казакстандын аймагында жарактуу деп таанылган COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө паспорт/сертификат/маалымкатты көрсөткөн адамдар.

- Казакстандынаймагына ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймагынан, ошондой эле Азербайжан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагынан келген адамдар маалымкатты көрсөтүшөт, анын ичине «Путешествую без COVID-19» мобилдик тиркемесин колдонуу да кирет.

Россияда поездге отургузуу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынан жана темир жол транспортунда ташуу иштери менен байланышкан адамдарды кошпогондо, жүргүнчүлөр - чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдарда COVID-19 боюнча ПЦР методу менен, Россия аймагына келгенге чейин эки календардык күндөн эрте эмес алынган анализдин терс жыйынтыгы тастыкталган учурда жүргүзүлөт, анын ичине «Путешествую без COVID – 19» мобилдик тиркемесин колдонуу да кирет.

Кыргызстанга кирүүгө эч кандай чектөөлөр жок.

Мамлекеттик чек ара көзөмөлүнүн компетенттүү органдары тарабынан поездден түшүрүлбөшү үчүн жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүдө жана Казакстан менен Россиянын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө чектөөчү санитардык иш-чаралардын эрежелерин сактоо сунушталат. Ошондой эле билеттерди сатып алардан мурун, алдын ала бул эки өлкөгө кирүү эрежелери менен таанышып алыңыз.

Балдарды жана кол жүгүн ташуу:

Жүргүнчү, өзүнчө орунду ээлебеген, 5 жашка чейинки бир баланы акысыз, ошондой эле балдарды ташуу үчүн белгиленген тарифтерге ылайык төлөм (балдар билети) менен 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарды өзү менен кошо алып жүрө алат.

Акысыз ташылуучу кол жүктүн жалпы салмагы ар бир берилген орунга 36 килограммдан ашпоого тийиш.

Салмагы белгиленген нормадан ашкан кол жүгүн жүргүнчү багаж катары катталтууга тийиш, ал эми кол жүгүнүн салмагы 50 килограммдан ашпаса, жүргүнчү ашыкча кол жүгү үчүн улуттук ташуучунун өкүлүнө 20 килограммдык багаждай ташуу тарифи боюнча төлөм менен төлөөгө милдеттүү.

Электрондук, тиричилик, видео жана аудио жабдуулар, эгерде анын өлчөмү үч өлчөмдүн суммасынан – 200 сантиметрден ашпаса, кол жүк нормасынын эсебинен ташылышы мүмкүн.

Сурап билүү телефондору ( 0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.

Пикир

Оставить комментарий