• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргыз темир жолу”: “Кыямат-Күркөл” темир жолундагы тосмо дубал талкаланып баштады

Коом 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Аба-ырайынын катаалдыгынан улам “Кыямат-Күркөл” темир жолундагы 148-темир жол кайчылашындагы тосмо дубал талкаланып баштаган,-деп билдирет “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 1-мартынан тартып, 15-июньга чейин “Бишкек-Нарын-Торугарт” автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 132 чакырымындагы тосмо дубалдарды бекемдөө иштери жүргүзүлөт.

“Бекемдөө иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунун 130-чакырымынан 135-чакырымына чейинки бир багыттагы унаа жолу убактылуу жабылат”,-деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 15-июньга чейин саат 9:00 дөн 17?00гө чейин унаа каттамы Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып турат.

Эскерте кетсек, бекемдөө иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз,-деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий