• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз тили мамлекеттик тил катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш экендигин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышында сөз сүйлөп жатып, мамлекеттик тилдин ролун баса белгиледи.

“Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш. Кыргызстанда өлкөдө жашаган бардык улуттардын тилдерин, салттарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, - деп билдирди мамлекет башчысы.

Андан тышкары, президент кошумчалагандай, орус тили расмий статуска ээ болуп, коомдо маанилүү ролду ээлейт.

“Кыргызстан жарандары Пушкиндин жана Достоевскийдин тилинде эркин сүйлөгөн өлкөлөрдүн бири. Биз муну коомубуздун руханий байлыгы деп эсептейбиз. Бул мурасыбызды биз сактап жана бапестөөгө милдеттүүбүз”, - деп билдирди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий