• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу максатында маданий иш чара өткөрүлдү (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 19.09.17. /Кабар/. Бишкекте “Кыргыз тили - кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу маданий иш чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, иш чара Биринчи май райондук администрациясынын №29 гимназиялык мектеп комплексинин базасында КРнын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алган күнүнө карата өткөрүлгөн.

“Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, конституциялык беделин жогорулатуу, өзгөчө жаңы өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында өткөрүлдү. Ошондой эле Биринчи май районуна караштуу жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин жана окуучулардын катышуусунда эне тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий