• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ж.Байдилдеев, жаш илимпоз, тарыхчы: Улуу кыргыз көчүн улантуучу С.Жээнбековду колдойлу!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Өлкөбүз демократиялык нукка бурулуп, эгемендүүлүк энчибизге тийген 26 жылдын акыркы жылдарынд аөлкөбүздө стабилдүүлүк сакталып, бир топ экономикалык жана улуттар аралык өсүштөр пайда болду. Бул тууралуу жаш илимпоз, тарыхчы Жумагул Байдилдеев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

«Акыркы жылдарда мурда көмүскөболуп, бийликтин көзүнө көрүнбөй келген, акылдуу жаштарды бийликке тартуу, мейли спортто болобу, мейли илимий чөйрөдө болобу – аларды колдоо иштери болуп жатат. Мына ошондуктан бүгүнкү күндө жаш муунду колдоо, улуу кыргыз көчүн улайм деп эртеңки жаштар менен бирге кетүү ниетин эң негизги айкын далил катары алсак болот. Экинчи айкын далилдин мисалын келтирсем, мен ушул Ак-Талаа жеринин кулуну катары ушул жердин архвинде иштеп, эл аралык симпозиумдарга катышып, докторлук даражага чейин жеттим. Мына бул да бийликтин жаштарды колдоонун шарапаты менен болуп отурат. Ошондуктан мен элибизге, келечекте саясатта такшалган, кызматта такшалган, бардык тепкичтерди басып өткөн, жаштарды колдоп, өз командасы менен бирдикте улуу көчтү улап, эртеңки кыргыз элинин келечегин ишенимдүү улап кетүүгө багыталган талапкер Сооронбай Жээнбековду колдойлу жана ишеним арталы деген уран чакырат элем», - деп белгиледи Жумагул Байдилдеев.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Адрес: Бишкек, ул. Абдрахманова, 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 19.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий