• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз ырчысы Румыниядагы мелдештен баш байгени утту

Маданият 0

Бишкек, 28.08.17 /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Кыргызстандык ырчы Мыктыбек Нурланов Румынияда өткөн эл аралык конкурста баш байгени утту. Ырчы бул тууралуу өзүнүн Istagram баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, сынак Пьятра-Нямц (Румыния) шаарында өтүп, бардыгы болуп 50 жакын Украина, Франция, Румыния жана Молдовадан келген ырчылар катышкан.

Конкурста Нурланбеков Атай Огонбаевдин “Эсимде” чыгармасын аткарып, Гран-при утуп, Украина жана Болгарияда өтө турчу эл аралык сынактарга катышууга мүмкүндүк алган.

Пикир

Оставить комментарий