• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданий ишмер Тимур Саламатовдун “Гармония” аттуу китеби жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Композиторлор союзунда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү музыка сынчысы жана композитор Тимур Саламатовдун “Гармония” аттуу кыргыз тилиндеги китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, союздун мүчөлөрү жана музыка ишмерлери катышты.

Министрдин орун басары Салтанат Аманова “Гармония” китебинин кыргыз тилине басылып чыгышы бүтүндөй музыка күйөрмандары үчүн чоң табылга болуп тургандыгын баса белгилеп, композитор Тимур Саламатовго чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

“Гармония” китеби Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыкалык теория дисциплиналар кафедрасында иштелип чыккан.

Бул окуу курал жогорку жана орто атайын музыкалык окуу жайларына, жогорку окуу жайлардагы музыкалык адистик факультеттерине, ошондой эле, чыгармачыл багытта иштеген музыканттарга сунушталат.

Окуу курал 2 чоң бөлүктөн түзүлүп, классикалык музыканын жана заманбап джаз жана поп музыкасынын гармониясын окутуу ыкмалары камтылган.

Эске салсак, бет ачар өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдан улам чакан форматта өттү.

Пикир

Оставить комментарий