• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында кайрадан жер титиреди, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 29-декабрда саат 07:49да катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий