• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек мамилелеринин келечектүү багыттары талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Борбор Азия экономикалык форумуна катышуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары – транспорт министри Ачилбай Раматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыты боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүү ниеттерин ырасташып, соода, инвестициялар жана транспорт тармактарында, ошондой эле суу-энергетикалык маселелеринде эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов жана Ачилбай Раматов акыркы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөнүн канааттануу менен белгилешти жана оңтойлуу динамиканы жана зор потенциалды эске алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий