• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызпатент жана Роспатенттин жетекчилиги жолугуп, өз ара кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда, Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда КР министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаеванын жана Россия Федерациясынын Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын (Роспатент) жетекчиси Григорий Ивлиевдин эки тараптуу расмий жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

Кыргызпатент менен Роспатентке караштуу Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын (РМИМА) ортосунда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө, Кыргызпатент, РМИМА менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда үч тараптуу кызматташтык жөнүндө келишимдерге кол коюлду.

Мындан сырткары, Кыргызпатент жана Роспатенттин жетекчилеринин тар чөйрөдө сүйлөшүүсү орун алып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин жаңы уникалдуу объектисин - географиялык көрсөткүчтөрдү жарандык жүгүртүүгө киргизүүгө байланыштуу, отурумдун жүрүшүндө Роспатенттин эксперттери географиялык көрсөткүчтөрдү колдонуу тажрыйбасы менен тааныштырышты. Ошондой эле катышуучулар евразиялык патенттер боюнча практика, евразиялык индивидуалдаштыруу каражаттары, автордук укук объекттерин (ЭЭМ үчүн программаларды, маалымат базаларын) каттоо, ИМБДУнун Стандарттар боюнча комитетинин алкагында Роспатенттин ишмердиги боюнча тажрыйба алмашышты.

Кыргызпатент менен Роспатенттин ортосундагы эки тараптуу жолугушуу 2021-жылдагы кызматташуунун жыйынтыктоочу иш-чарасы жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди жана кызматташуунун келечектүү пландарын талкуулаган аянтча болуп берди.

Иш-чарага КР президентинин администрациясынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Роспатенттин, РМИМАнын, Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлору жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

Аталган иш-чара жетекчилер деңгээлинде офлайн жана сектордук адистер үчүн онлайн форматта өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий