• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан бизге абдан жакын болуп калды - россиялык дарыгерлер тобунун жетекчиси

Коом 0

Коронавируска каршы күрөш көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, алардын бири - саламаттык сактоо тармагы. Медициналык мекемелер жана дарыгерлер бейтаптардын мындай агымына даяр эмес болду. Коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн ылайыктуу алгоритм убагында түзүлбөгөндүктөн кырдаал курчуп кетти. Натыйжада жай мезгилинде бейтаптардын саны кескин көбөйдү. Мындан улам 1-июлда өлкөгө Россиядан биринчи аскер дарыгерлери келишкен. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Роспотребнадзордун милдети болуп Кыргызстандагы кырдаалды баалап, муктаждыктарды талдоо менен чечимдерди сунуш кылуу болду. Россиялык адистердин кийинки тобу 22-июлда, Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген үчүнчү топ 23-июлда келген. Дарыгерлер менен бирге Кыргызстанга медициналык жабдуулар жана дары-дармектер келген.

Башкортостандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов Кыргызстанга өзүнүн өлкөсүнүн атынан жардам берүү чоң жоопкерчилик экендигин айтат.

“Бул жерде иштеп жүргөн мезгилде, Кыргызстан бизге абдан жакын болуп калды. Өлкөбүздүн атынан иштеп жаткандыктан биз үчүн чоң жоопкерчилик түзүлдү. Иш-аракеттерибиз менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга таасир этип, жардам бере алдык деп ишенебиз”, - дейт Кустов.

Пикир

Оставить комментарий