• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан демократиялык шайлоолорду камсыздоодо көп иш жасады – Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын башчысы

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Кыргызстан демакратиялык шайлоолор тутумун камсыздоо жана жаңы шайлоо технологияларын киргизүүдө көп иш жасагандыктан, Венеция комиссиясы көп нерсе сунуштай албайт. Бул тууралуу 16-майда Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын төрагасы Джанни Букиккио Кыргызстандын БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушууда билдирди.

БШК басма сөз кызматы билдиргендей, Дж.Букиккио Кыргызстандын демократизациялашуусунда, анын ичинде шайлоо процессинде
өнүгүүнү белгиледи. “Албетте, дагы көп иштин үстүндө иштөө крек, бирок, ошентсе, көптөгөн башка өлкөлөр Кыргызстан жетишкен ийгиликтердин деңгээлине жетүү үчүн арбын иштерди аткаруулары керек”, - деди ал.

Дж.Букиккио 1993-жылдан тартып Кыргызстандын досу катары болуп, мурда өз жолдорунун башында демократиялык баалуулуктарды кармануулары тууралуу билдирип, бирок дайыма адаттагыдай аяктаган көптөгөн өлкө башчылары менен сүйлөшкөндүгүн белгиледи. Ал БШК төрайамынын ошондон бери өлкө узак жол басып өткөнү, бирок учурда айкын өнүгүү жүрүп жатканы тууралуу пикирине кошулду.

Н.Шайлдабекова өлкөдөгү шайлоо реформасынын жана башка кайра түзүүлөрдүн башкы милдети жалпысынан жетишилгендердин туруктуулугун камсыздоо жана аларды андан ары жакшыртуу болуп саналат.

Ал шайлоо реформасынын жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртууга жана шайлоо институттарына элдин ишенимин бекемдөөгө багытталган конкреттүү багыттары боюнча күч-аракеттер тууралуу маалымдады.

Дж.Букиккио Борбор Азия өлкөлөрү менен мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн, анын ичинде Европа Кеңешинин мүчөлөрү катары Кыргызстан жана Казакстан менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Венеция комиссиянын Кыргызстан менен өз ара аракеттешүүлөрүндө белгиленген конкреттүү пландар жалпы демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө салым болоруна ишеним билдирип, Кыргызстанга ийгилик каалады.

БШК төрайымы Венеция комиссиясынын өкүлдөрүн алдыдагы КР президентин шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү чараларына катышууга чакырды.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, БШК мүчөлөрү Бахтияр Кадыров, КМШ ПААдагы ЖК өкүлү Нурбек Сатвалиев катышышты.

Кененирээк: kg.akipress.org/news:1383047?f=cp

Пикир

Оставить комментарий