• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан дыйкандарга насыяга берүү үчүн 5 миң 750 тонна үрөн алды

Экономика 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кыргызстан дыйкандарга насыяга берүү үчүн 5 миң 750 тонна үрөн алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы биринчи жолу дыйкандарга үрөн берүү түрүндө товардык кредиттер иштелип чыкты.

"Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелине карата 303 млн сомдук 5 миң 750 тонна үрөн алынган. 250 миллион сомго насыя берилди", - деди төраганын орун басары.

Анын ичинен: 2 миң 867 тонна арпа, берилгени 2 миң 293 тонна, буудай – 2 миң 600 тонна, берилгени 1 миң 585 тонна, софлор ​​– 153 тонна, берилгени 40 тонна, беде – 26 тонна алынып, 13 тоннасы берилди, буурчак 103 тонна алынып, анын 2 тоннасы берилди.

Бардыгы болуп товардык кредит 8 миң 363 дыйканга 4 миң 894 тонна үрөн берилген.

"Мындан тышкары, 19-апрелде 128 тонна арпа келип түшүп, Кемин, Ак-Суу, Тогуз-Торо, Түп, Ысык-Көл облустарына жөнөтүлдү", - деди Жанар Норузбаев.

Пикир

Оставить комментарий