• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Экономикалык өнүгүү кызматташтык фонду менен кызматташууну кеңейтүүгө ачык

Экономика 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Сеулда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Экономикалык өнүктүрүү кызматташтык фондунун (EDCF) башкы директору Ким Тэ Су менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташуу маселелерин, анын ичинде Корея тарабынан 2022-жылдын январында кабыл алынган Кыргызстанга көмөктөшүү стратегиясынын алкагында: жашыл экономикага өтүү, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана айыл жеринде өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, мамлекеттик сектордо санариптештирүүнү колдоо, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана жаңыланма энергиянын технологияларын киргизүү сыяктуу тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министр Амангелдиев Кыргызстан Экономикалык өнүктүрүү кызматташтык фонду (EDCF) менен EDCF ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары: ГЭСтерди, ооруканаларды, суу менен камсыздоо жана канализацияны куруу аркылуу экономикалык өнүгүүнү колдоо боюнча кызматташууну чыңдоого жана кеңейтүүгө ачык экендигин билдирди.

Министр кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу, анын ичинде лизингге курулуш жана жол техникаларын берүү жолу менен кароону сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ болгон жана заманбап медициналык жабдуулар менен жабдууга, медициналык кадрларды аны колдонууга окутууга, көрсөтүлгөн медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана сапатын жогорулатууга багытталган клиникалык инфекциялык оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жемиштүү кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий