• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан экономиканы санариптештирүү курсуна багыт алган - Ташбаев

Экономика 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргызстан экономиканы санариптештирүү курсуна багыт алган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Санариптик активдердин биржасы" ЖАКтын аткаруучу директору Алмаз Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, бул констекстте Кыргызстанда санариптик технологияларды кабыл алуу, блокчейндин негизинде санариптик активдерди киргизүү - актуалдуу.

"Кыргызстанда "Централ эйжа интернешнл" санариптик активдердин биржасы негизделип, ачылган. Анын негизги миссиясы блокчейндин негизинде сооданы санариптик активдер менен уюштуруу боюнча ишенимдүү жогорку сапатагы кызмат көрсөтүү болуп саналат", - деди Ташбаев.

Ал биздин биржанын соода аянтчасы өзүнө сооданы санариптик активдер менен уюштуруу үчүн бардык баалуу ресурстарды камтыйт экендигине ишенет.

"Бул үлгүлөр эчак эле дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө киргизилген. Мен жаңы биржанын соода аянтчасы кызмат керектөөчүлөрү үчүн ыңгайлуу болот деп үмүттөнөм. Бул биржа Кыргызстандын фонддук рыногунда баалуу кагаздарды сатуу боюнча кызматтарды көрсөтөт", - деди Алмаз Ташбаев.

Пикир

Оставить комментарий