• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө жобо бекитилди

Экономика 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында өкмөттүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы токтому менен Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Жобо Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо, ошондой эле түзүлүп жаткан Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруунун мамлекеттик маалыматтык системасынын бир бөлүгү катары товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын түзүмүн түзүү жана функцияларын аныктоо боюнча жалпы талаптарды аныктайт.

Бекитилген документтин ченемдерине ылайык, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуп/ташып киргизилген, ошондой ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине экспорттолуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маркалоо жөнүндө чечим кабыл алган товарлар кирет.

Маркалануучу товарларда идентификациялоо каражаттарынын болушу керектөөчүлөргө сатуу, ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн сактоо же технологиялык процесстерге ылайык товарларды маркалоого чейин өндүрүүчү тарабынан сактоодон тышкары сактоо учурларында милдеттүү болуп саналат.

Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасына товар жеткирүүдөгү чынжырчанын бардык катышуучуларына, анын ичинде акыркы керектөөчүлөр менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз компетенцияларынын чегинде зарыл болгон маалыматтарды бир форматта алууга жол ачуучу маалыматтар базасын түзүү, анын ичинде товардын сапатынын шайкештиги жана коопсуздугу жөнүндө документтердин бар экендигин тастыктоо милдеттери жүктөлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын иштөөсү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын ички рынокто илгерилетүү үчүн шарт түзүп, товарды жүгүртүүнүн бардык чынжырчасында өндүрүүчү/импорттоочудан тарта керектөөчүгө чейин байкоодо болуусун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы экономикалык иш субъекттери жана товарлар жөнүндө маалыматтарды түзүү үчүн пайдаланылуучу тышкы маалыматтык системалар менен өз ара иштешүү инструменттеринен жана маалыматтардан, товарлардын улуттук классификаторунан турган механизминен, ошондой эле товарлардын айрым категорияларын маркалоо үчүн атайын системалардан турат.

Эске салсак, 2018-жылдын 2-февралында Алмата шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуу 2019-жылдын 29-мартында күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий