• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө кар көчкү басып калган эки чабан куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө кар көчкү басып калган эки чабан куткарылды, - деп кабарлайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун болжол менен саат 14:30да Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал-жандыктарын айдап бараткан эки чабанды кар көчкү басып калган. Көчкү астында калган 43 жана 46 жаштагы малчылар өз алдынча көчкүнүн астынан чыгып, жардам сурашкан.

Жерине ӨКМ кызматынын 6 куткаруучусу, тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканага жеткиришкен.

"Учурда абалдары канааттандырарлык, бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан. Ал эми мал-жандыктарды туугандары айылга айдап кетишкен", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий