• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн 50 млн доллар насыя алат

Экономика 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан энергетика секторун өнүктүрүү үчүн 50 млн АКШ доллары бөлүнөт.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча маалыматты энергетика министри Таалайбек Ибраев берди.

Ибраев белгилегендей, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50 млн АКШ доллары суммасында каржыланган "Электр энергия секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталган.

“Ошондой эле финансылык көрсөткүчтөр чыгымдарды кайтаруу багытындагы тарифтик жолун кармануу менен жакшырат деп күтүлүүдө. Социалдык туруктуулук тарифтердин көтөрүлүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон калктын аялуу топторун коргоо үчүн социалдык коргоо системалары аркылуу күчөтүлөт. Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыйт”, - деди баяндамачы.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Т.Ибраев каржылоонун алдын ала шарттары тууралуу маалымат берди: “Кредит берүү мөөнөтү - 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөт - 6 жыл, кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен - жылдык 0,75%, резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы - жылдык 0,5%”.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү каражатты максаттуу пайдалануу, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, депутаттар Энергетика министрлигин долбоордун алкагында “акылдуу эсептегичтерди” сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө жергиликтүү өндүрүшчүлөргө артыкчылык берүүгө чакырышты.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорду жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий