• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Араван районундагы цемент заводунун иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусунун Араван районундагы цемент заводуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 2500-3000 тоннаны түзөт, ал толугу менен автоматташтырылган, калдыксыз иштеп, 500дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылат.

2022-жылдын октябрь айында заводдун аймагында акиташ өндүрүүчү цех курулган, учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 300 тоннаны түзөт. Цех 50 адамды иш менен камсыздайт.

Акылбек Жапаров мындай ишканалар облустун гана эмес, жалпы өлкө экономикасынын динамикалуу өнүгүшү үчүн зарыл экендигин белгиледи.

«Продукцияны сатуунун жаңы рынокторун өздөштүрүү үчүн жаңы талаптарды эске алуу менен заводдун технологиялык жабдууларын өркүндөтүү чоң мааниге ээ. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий