• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сеулда Кепилдик фондунун жана Корея өнүктүрүү банкынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Экономика 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен Кореянын өнүктүрүү банкынын глобалдык бизнес бөлүмүнүн аткаруучу директору Ян Сын Вон жолугушту.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын делегациясынын Кореяга болгон жумушчу сапарынын алкагында Сеулда өткөн.

Жолугушууда тараптар эки уюмдардын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат алмашышты. Ишкердикти колдоо жана анын Кыргызстан менен Кореянын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандын делегациясынын курамына Финансы Министрлигинин, Улуттук банкынын жана "Кепилдик фонд" ААКсынын өкүлдөрү кирди.


Маалымат үчүн: Корея өнүктүрүү банкы (KDB) 1954-жылы улуттук экономиканы модернизациялоого жана индустриялаштырууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Түзүлгөндөн бери банк Кореяны Республикасынын экономикасын технологиялык модернизациялоого жана диверсификациялоого олуттуу салым кошкон Корея Республикасынын негизги каржылык өнүктүрүү институту болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий