• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөр пландан алдыда: Тоголок кенин көздөй жол салуу иштери башталды

Экономика 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" ЖАК өзүнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү жаңылык менен бөлүшөт.

Үстүбүздөгү жылдын 8-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Тоголок алтын кенин иштетүүгө жана Жангарт аянтын чалгындоого "Кумтөр Голд Компани" Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынан лицензия алган.

Компаниянын вице-президенти Кубанычбек Турдукожоевдин жетекчилиги астында байланыш адистери, жолчулар, энергетиктер, геологдор, тоо инженерлери жана экологдордон турган биринчи экспедиция 2023-жылдын 1-сентябрында абдан татаал жолду жүрүп отуруп, жетүүгө кыйын болгон Тоголок кенине барган. Бир нече күндүн ичинде жолдун абалы изилденип, аймакка топографиялык изилдөө жүргүзүлүп, керектүү үлгүлөр алынып, техникалык өлчөөлөр жасалган. Бул маалыматтар долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берди.

Кумтөр долбоордук документацияны талап кылынган убакыттан алда канча эрте иштеп чыгууга жетишти. Бул жетишкендик Кыргыз геология кызматынын атайын экспертизасынан ыкчам жана ийгиликтүү өтүүгө, ошондой эле кийинки этапка - Тоголок кенинде бургулоо үчүн подрядчиктерди тандоо ишине өтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Үч-Кошкон тоолуу кыштагынан Тоголокко чейинки жолду салуу – бургулоо иштерин баштоодогу эң негизги милдеттердин бири. Бул маршрут эки ашуу жана бир нече тоо дарыялары бар эң татаал 37 чакырым аралыкты камтыйт. Тоголок алтын кенине карай кетчү жолду салуу үчүн учурда жүк ташуучу жана атайын оор техникалар тартылып, иш толук кандуу жүрүүдө. Жол салуу жумуштары жакынкы убактарда аяктап, Тоголок кенин өздөштүрүү боюнча алгачкы иштер башталат.

Бул кыска аралыктагы натыйжалар - компаниянын мындан аркы өнүгүүгө, анын ичинде жаңы кендерди өздөштүрүүгө болгон умтулуусу күчтүү экенин билдирет.

Ишкана өзүнүн адистер тобу менен сыймыктанат жана бул ири долбоор компания үчүн да, жалпы өлкө үчүн да өз жемишин берээрине терең ишенет.

Пикир

Оставить комментарий