• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Чекти талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы. Кассалык чектер кайдан берилиши керек?

Экономика 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Салык кызматы "Чекти талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын өткөрүүгө байланыштуу жарандарга сатып алууларды жүргүзүүдө жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чектерди талап кылуу зарылдыгын эскертет.

Кассалык чектер калк менен эсептешүү операцияларында, анын ичинде дүкөндөрдө, соода борборлорунда, авиакассаларда, жеке билим берүү мекемелеринде (бакчаларда, мектептерде), окутуу курстарында, дарыканаларда, алмашуу бюролорунда, химиялык тазалоочу жайларда, ломбарддарда, сулуулук чеберлеринин ар кандай кызматтарын, ошондой эле акы үчүн көрсөтүлүүчү ар кандай жеке мүнөздөгү кызматтарды алууда берилиши керек.

Кассалык чек эсептешүү учурунда берилет.

Лотереяга катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

Лотереяга катышуу үчүн:

– Google play же AppStore аркылуу "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

Лотереяга катышуу – бул ар бир кыргызстандыктын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы. Чекти талап кыл-байге утуп ал!

Пикир

Оставить комментарий