• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта эр эңиш боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда эр эңиш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Эр эңиш федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 11-июнда Белек айылындагы ат майданында болот.

Чемпионатта спортчулар беш салмак категорияда: 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 90 кг жогору салмакта күч сынашат.

Ага Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан балбандар катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий