• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эртең эл аралык жарым марафон өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.09.18 /Кабар/. Эртең, 23-сентябрда экинчи эл аралык Бишкек жарым марафону өтөт. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чуркоого катышышат. Спорттук иш-чарага Алыскы жана Жакынкы 20 чет өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Бул жарым марафондун максаты – ден соолуктуу жашоо образын пропагандалоо, калкты дене тарбия жана спорт менен дайыма машыгууга тартуу, эл аралык спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстандын эң күчтүү марафончуларын аныктоо.

Марафон ар кандай аралыкта өтөт: 21 чакырым 097 метр, 10 миң метр жана 3 миң метр.

Ар бир катышуучу бир аралыкка чуркоого катыша алат.

21 чакырым 097 метр жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жаш-курагынан көз карандысыз категория бар.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Улуттук олимпиадалык комитеттин, Жеңил атлетика федерациясынын колдоосу астындагы “Эл аралык марафон дирекциясы” коомдук уюму.

Пикир

Оставить комментарий