• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте стол тенниси боюнча шаардык чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бишкекте стол тенниси боюнча шаардык чемпионат өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, стол тенниси боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги 23-24-сентябрда №65 орто мектепте болуп өттү.

Белгиленгендей, чемпионат спорттун бул түрүн кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Спорттук иш-чараны мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы Стол тенниси ассоциациясы менен биргеликте уюштурган.

Ошенттип, чемпионаттын жыйынтыгында кыз-келиндер арасындагы жеке мелдеште 1-орун Саида Кудусовага, 2-орун Рамид Абдимиталиповага жана 3-орун Анара Тынаевага ыйгарылды.

Кыз-келиндер арасындагы жуптар боюнча мелдеште Аяна Уланбекова менен Рамид Абдимиталипова жеңүүчү аталса, 2-орунду Саида Кудусова менен Анара Тынаева, 3-орунду Раяна Мураталиева менен Аруке Касымова ээледи.

Эркектер арасында жеке таймашта Нуртай Курманалиев 1-орунду, Бектур Бекболотов 2-орунду, Азат Таласбаев 3-орунду ээледи.

Эркектер арасындагы жуптар арасындагы мелдеште Азиз Кыдырбаев менен Азим Абдыкапаров 1-орун, Талант Сагындыков менен Михаил Белоглазов 2-орун, Адилет Сытыбалдиев менен Атай Касымов 3-орунга ээ болушту.

Ошондой эле, аралаш жуптар дисциплинасында командалык мелдеште Саида Кудусова менен Бектур Бекболотов 1-орунду, Рамид Абдимиталипова менен Нуртай Курманалиев 2-орунду, Аяна Уланбекова менен Азиз Кыдырбаев 3-орунду камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө жана экинчи орунга ээ болгондор тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий