• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун аймагында күз-кыш мезгилине даярдык текшерилет

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында калкка көмүр камдоо жана социалдык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыктары текшерилет. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев аким-мэрлер менен өткөн онлайн жыйында билдирди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов район-шаарлардын башчыларынын орун басарлары жана көмүр кендерин иштеткен компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, кышка даярдык маселелерин карады. Отурумга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев да катышты.

Мамасалы Акматов жергиликтүү бийлик менен көмүр кен компанияларынын биргеликте иш алып баруусу зарылдыгын эскертти. Мында сатуу түйүндөрүн көбөйтүү жана калкка жеткиликтүү болгон баанын сакталышы маанилүүлүгүн эскертти.

Пикир

Оставить комментарий