• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

“Алай” клубу Азия футбол конфедерациясынын оюндарына жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. “Алай” клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда “Алай” менен “Алга” клубунун беттеши өттү. Жолугушуунун акыркы эсеби 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады.

Бул жолугушууда жалгыз голду "Алай" футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди. Эми “Алай” клубу 2023-жылкы АФК кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Пикир

Оставить комментарий