• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурмагомедов UFC уюмундагы карьерасында 40 жолу допинг-тест тапшырган

Спорт 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмундагы карьерасында 40 жолу допинг-тест тапшырган. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

UFC уюмунун жеңил салмактагы курдун ээси Нурмагомедовдун допингге каршы бардык текшерүүсүндө оң көрсөткүч байкалган.

"Допингге каршы 40 тестин бардыгы таза деп көрсөткөн", - деп Нурмагомедовдун командасынын өкүлдөрү билдирген.

Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташка 2008-жылы келген. UFC уюмунда алгачкы беттеши 2012-жылы өткөн. Россиялык мушкер 28 беттеш өткөрүп, 28 жеңишке жеткен.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-октябрда ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Москвага келип, Нурмагомедов менен кайра беттеше турганын жана анын дарегине бир катар орой сөздөрдү айткан.

Пикир

Оставить комментарий