• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жолдоштук беттеш: “Ак шумкарлар” Бахрейндин командасына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 17.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бахрейндин курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн 16-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 22:00дө “Улуттук” (Эр-Рифте) стадионунджа өтүп, “Ак шумкарлар” 4:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык футболчулар Сингапурдун курамасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Жолдоштук беттештер 2023-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтөт. Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий