• 88.68
  • 95
  • 0.95

АФК Кубогу. "Абдыш-Ата" австралиялык "Централ Кост Меринерс" клубу менен оюнда тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 17.04.24./Кабар/. Бүгүн "Абдыш-Ата" АФК Кубогунун 2023/2024 интерзоналдык финалынынын биринчи беттешин өткөрдү. Анда ата-мекендик клуб австралиялык "Централ Кост Меринерс" клубу менен кез келди.

Оюн Бишкектеги Дөлөг Өмүрзаков атындагы стадионунда өттү.

Беттештин биринчи бөлүгү голсуз тең чыгуу менен аяктады.

Экинчи бөлүк дагы салыштырмалуу командалардын тең тирешүүсү менен өттү, бирок оюндун 80-мүнөтүндө австралиялык клуб стандарттык абалдан гол жаратты.

Ал эми, канттык клуб, атап айтканда, Магамед Узденов оюндун аяктаарына жакын калганда эсеп санын теңеп кетти.

Ошону менен беттеш 1-1 эсебинде клубдардын тең чыгуусу менен аяктады.

Жооптук беттеш 24-апрелде Госфорддо (Австралия) өтөт.

Жуптун жеңүүчүсү финалда Батыш зонанын чемпиону менен кез келет. Аталган зонанын чемпиону наамы үчүн "Аль-Ахед" (Ливан) жана "Аль-Нахда" (Оман) клубдары ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий