• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров ДБ тобунун жетекчилиги менен стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 17.04.24./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Вашингтонго (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда талкууланган бардык маселелердин лейтмотиви Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы стратегиялык мамилелерди мындан ары чыңдоо, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу куруу боюнча Кыргызстан үчүн стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүү болду.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын санариптик өнүктүрүү боюнча вице-президенти Кристин Чжэнвэй Цян менен жолугушуу болуп, анда делегация мүчөлөрүнө Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун жана башка энергетикалык долбоорлорду санариптик колдоо боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Энергетика тармагында санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорунун алкагында кызматташуунун деталдары Дүйнөлүк банктын инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормье менен талкууланды.

Дүйнөлүк банктын туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Юрген Фёгеле менен жолугушууда республиканын туруктуу жана адилеттүү экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергиянын өндүрүшүн көбөйтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана жандуу экономиканы өнүктүрүү үчүн климаттык иш-аракеттерди жана реформаларды кеңейтүү боюнча амбициялуу максаттарын жогору баалайт.

Пикир

Оставить комментарий