• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Айрым жетекчилердин шалаакылыгы борбордун тургундарынын катуу суукта жылуулуксуз калуусуна алып келди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Айрым жетекчилердин шалаакылыгы борбордун тургундарынын катуу суукта жылуулуксуз калуусуна алып келди,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-майда 2017-2018-жж. күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары жана 2018-2019-жж. күз-кыш мезгилине даярдык көрүү каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Премьер-министр Өкмөттүн жаңы курамынын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти, парламент жана өлкө жарандары тарабынан көрсөтүлгөн ишенимдүү актоо боюнча жооптуу милдет турарын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев анын жетекчилиги алдындагы Өкмөттүн биринчи жыйынында коомдо зор резонанс жараткан кышкы мезгилдеги Бишкек ЖЭБдин ишинин үзгүлтүккө учурашы тууралу маселени кароо чечими кабыл алынганын баса белгиледи.

Премьер-министр “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилиги күз-кыш мезгилине толук даярдык тууралуу бир нече ирет билдиргенин эскертти.

Премьер-министр “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилиги күз-кыш мезгилине толук даярдык тууралуу бир нече ирет билдиргенин эскертти.

Анын пикиринде, өлкөнүн ири энергетикалык объектиндеги акыркы авария бүтүндөй тармактагы системалык көйгөйлөрдү ачык көрсөткөн. Буга байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-2019-жж. күз-кыш мезгилине тиешелүү түрдө жана тыкыр даярдык көрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий