• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда биринчи жолу “Жибек жолу” тоо жарышы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу “Жибек жолу” тоо жарышы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 18-августтан 1-сентябрга чейин дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 95 спортчу катышат.

“Бул велосипед менен тоодо жарышуу. Спортчулар трасса жок жерлер менен жүрүшөт. Жол киресин жана тамагын катышуучу өзү төлөйт. Биздин мамлекет медициналык жардам көрсөтөт”, - деди Жаманкулов.

Жарышты өткөрүү идеясы долбоордун автору Нельсон Триске таандык. Ал биринчи жолу Кыргызстанга келгенде ушундай ой пайда болгон.

“Мен бул өлкөнү көргөндө анын сулуулугуна ашык болуп, дароо эле ушундай жарышты уюштуруу идеясы пайда болду”, - деди Трис.

Уюштуруучулар аталган иш-чараны жыл сайын өткөрүүгө үмүт артышууда.

Пикир

Оставить комментарий