• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык ишкерлер Улуу Британиянын компаниялары менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын ишкерлери Улуу Британиянын компаниялары менен ишкер мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Улуу Британиянын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун ОВЕ менен болгон жолугушууда билдирди.

КР СӨПтүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкекте өткөн жолугушууда тараптар экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө жеңилдиктүү сооданын комплекстүү системасы (ВСП+) программасынын алкагында кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Евробиримдик өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалды.

Убактылуу ишенимдүү өкүл Шарлотт Сурун белгилегендей, жакынкы арада Улуу Британия бизнесмендер үчүн атайын преференцияларды берүү менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемасын киргизүүдө.

Бул схема тарифтерди төмөндөтүүнү, өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн товарлардын келип чыгуу эрежелерин жөнөкөйлөтүүнү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Улуу Британияга товарлардын 99 пайызын алымсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Жолугушуу тараптар эки тараптуу кызыгууну жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого даярдыгын белгилешип, ошондой эле кыргызстандык ишкерлер үчүн өз продукцияларын Европа рыногуна экспорттоо жаатында кошумча перспективалар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий