• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акысыз юридикалык кеңеш, Рузахуновдун концерти. Бишкекте зомбулукка каршы маалыматтык кампания өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Бишкекте "Зомбулукка каршы биригели" аттуу маалыматтык-агартуучулук кампания өтөт.

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, иш-чара ушул жылдын 9-июнунда саат 16:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта Эмен багында (Курманжан датканын эстелигинин жанында) өтмөкчү.

Саамалыктын алкагында өтчү иш-чаралардын программасы:

  • Йога, шахмат жана сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар;
  • Кызыктуу тематикалык иш-чаралар;
  • ШКИД жаштар театрынын оюну;
  • Джаз музыканты Викрама Рузахуновдун чакан кайрымдуулук концерти;
  • Коомдук активисттердин жана кайрымдуулук фонддордун өндүргөн продукциясынын жарманкеси;
  • Акысыз юридикалык кеп-кеңеш.

Иш-чарага катышуу акысыз.

Кампанияны Кыйноолорго каршы коалициясы жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий