• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Салттуу музыка жумалыгы". Бишкекте “Күү күнү” белгиленди

Коом 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрель “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Күү күнү” деп белгиленип, анын урматына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы...” аталышында тегерек стол өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тегерек столго салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр, окутуучулар жана ушул жаатта билим алып жаткан студенттер катышты.

Аталган университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун негиздөөчүсү, профессор Роза Аманова, Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Б.Бейшеналиев атындагы Маданият жана искусство университетинин проректору, педогогика илимдеринин кандидаты Кубат Жакыпов, аталган университеттин Салттуу музыка факультетинин деканы Самат Көчөрбаев, И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин профессору Атайбек Бөдөшов жана башкалар салттуу музыканын тарыхына, азыркы күндөгү анын актуалдуулугуна токтолушуп, аны мындан дагы терең жайылтуу, жаштарга бул багытта билим берүү, аларды салттуу музыкага тартуу, дегеле салттуу музыкага салым кошуу боюнча кенен кеп кылышты.

Белгилүү комузчу, КР Эл артисти Зайнидин Иманалиевге И. Арабаев атындагы КМУ Ардактуу профессору даражасы ыйгарылды.

Ошондой эле жумалыктын алкагында, кечээ, 21-апрелде КР Эл артисти, дастанчы Жолболду Алыбаевге Евразия университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

Тегерек столдун соңунда Зайнидин Иманалиев жана анын шакирти “Аспапчылык өнөр жана алып жүрүүчүлөр” деген теманын багытында студенттерге мастер класс көргөзүштү.

Тегерек столдун жүрүшүндө “Акак” комузчулар ансамбли Ш. Шеркуловдун “Үч муунак”, И. Арабаев атындагы КМУ окутуучулары Айбек Каныбеков жана Сайкал Абылкасымова Н. Борошевдин “Кер толгоо”, студент Бек Алагушев А. Огомбаевдин “Ак тамак көк тамак” күүсүн тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий