• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайы капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имаратта тамактануучу жай, жуунучу бөлмө жана 31 бөлмө бар.

"Учурда тамактануу, жуунучу бөлмөлөр оңдолуп, кафель төшөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле камералар, коридорлор, администрациянын кеңселери жана кабылдамалар оңдолууда. Мындан тышкары, желдетүү системасы жана ички жылытуу системасы да оңдолот", - деп айтылат маалыматта.

Мниципалитеттен белгилешкендей, тендердин жыйынтыгы менен капиталдык оңдоо иштерин «Рамазан Курулуш» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

"Оңдоо иштерин ушул жылдын апрель айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий