• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусундагы сел коркунучу бар кооптуу аймактарда тазалоо жумуштары жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Баткен облусундагы сел коркунучу бар кооптуу аймактарда механикалык тазалоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сел жүргөн сайды иретке келтирүү үчүн министрликтин атайын техникалары тартылган.

Азыркы тапта атайын бөлүнгөн 1 автожүктөгүч Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак айылында иштеп жатат. Натыйжада узундугу 900 метр аралыкта сел жүрүүчү сайдын механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлөт.

Аталган объектте тазалоо жумуштары бүткөрүлсө, айылда 1 чакырым ички чарбалык жол, 1 чакырым ички чарбалык арыктар, 5 турак үй жана 2 га огород сел коркунучунан корголот.

Пикир

Оставить комментарий